«КЫРГЫЗГАЗ» ААК

Биринчи жактан

Урматтуу сайттын окурмандары!

«Кыргызгаз» ачык акционердик коомунун жамаатынын атынан биздин жаңы ачылган расмий сайттын барагында сиздерге салам жолдойм.

Бүгүнкү күндө «Кыргызгаз» ААКунун жамааты анык профессионалдардын биримдигинен турат жана алардын аракети менен Кыргызстан жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз, сапаттуу камсыз болууда. Өлкөнүн газ кызматкерлеринин иши газ транспорттук тармактын өнүгүшүн, тиричилик жана өндүрүш абоненттерин тейлөө боюнча сапатын жогорулатууга багытталган.

Биздин компаниянын максаттуу пландарынын бири бул газ өткөргүчтөрдүн экинчи жибинин курулушун аяктоо жана эскисин капиталдык ремонттон өткөрүү. Өзгөчө атуалдуу болуп Кыргыз Республикасынын түндүгү менен Казахстан чек арасы аркылуу батыштан чыгышты карай магистралдык газ түтүктөрүн куруу саналат. Бул проектинин иш жүзүнө ашырылышы Кыргызстандын «транзиттик мамлекет» статусуна ээ болушуна жана максаттуу пландарда жаратылыш газын Кытай Эл Республикасына транспорттоого шарт түзөт. Рыноктук экономика шартында мындай масштабдык проектилерди иш жүзүнө ашыруу компаниянын, деги эле өлкөнүн киреше көлөмүн чоңойтууга мүмкүнчүлүк берет.

Компаниянын биринчи тапшырмаларынын катарында жаратылыш газынын жоголушун кыскартуу, эң алгач ыңгайлуулук денгээлин жогорулатуу, жаратылыш газын керектүүчүлөр үчүн сервисти жакшыртуу турат.

Урматтуу достор, биздин сайтта сиздердин көңүлөңүздөрдө Кыргызстанды газдаштыруу, өлкөнүн газ компаниясынын пайда болуу тарыхы, негизги маселелер, аларды чечүү жолдору жана «Кыргызгаз» ААКнун негизги багыттары жөнүндө маалыматтарга көңүлөңүздөрдү бурабыз. Сиздердин бул сайтка саякатыңыздар сиздер үчүн кызыктуу жана пайдалуу болооруна чын дилибизден ишенебиз.

Сиздерди урматтоо менен, «Кыргызгаз» ААКнун Генералдык директору – С. Айтикеев.

«УЗБЕКНЕФТЕГАЗ» УХК
«КазТрасГаз» АК
«КырКазГаз» ЧЖК
«ГАЗПРОМ» ААК
Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, М. Горький көчөсү, 22.
тел.: +996 (312) 53-00-35.
факс: +996 (312) 53-00-33.
© «КЫРГЫЗГАЗ» ААК, 2007.